
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Лос-Анжелес шаарына барды, ал жакта өлкөнүн биринчи улуттук спутнигин учурууга арналган иш-чараларга катышат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.
Кыргызстандын спутнигин SpaceX компаниясынын алып чыгуучу ракетасынын жардамы менен орбитага чыгаруу пландалууда.
Лос-Анжелестин аэропортунда мамлекет башчысын SpaceX компаниясынын глобалдык өнүктүрүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды.
Кыргызстандын биринчи спутнигин учуруу бүгүн, 1-октябрга пландаштырылган. Бул иш-чара Садыр Жапаровдун АКШга болгон сапарынын башкы иш-чараларынын бири болот.






