Азия оюндары-2026: Жоламан Шаршенбеков өлкөгө алгачкы алтынды алып келди

60kg GR - Zholaman Sharshenbekov (KGZ)

Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков алтын медаль утту.

Ал финалда өзбекстандык Алишер Ганиев менен күрөшүп, 7:5 эсебинде жеңди. Шаршенбеков буга чейин түркмөнстандык атаандашын 8:0 эсебинде, түштүк кореялык балбанды 9:0 менен жеңген. Ал эми финалга чыгыш үчун ирандыкты 10:0 эсебинде уткан.

Эскерте кетсек, XX жайкы Азиат оюндары Япониянын Нагоя шаарында 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтүүдө. Кыргызстандын атынан спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу катышууда. Мелдешке жалпысынан 45 өлкөдөн жана региондон 11 миңге жакын атлет катышып, медалдардын 469 комплектиси ойнотулууда.