Маматалиев Парижде Франциянын Улуттук ассамблеясынын төрайымы менен жолугушту

1-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Франция Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Париж шаарында аталган өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрайымы Яэль Браун-Пиве менен жолугушту. Жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, айрыкча парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Алгач Марлен Маматалиев жылуу кабыл алгандыгы үчүн француз тарапка ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер достукка жана өз ара ишенимге негизделгенин белгиледи. “Франция – Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири. Биз эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду мындан ары да активдештирүүгө, парламенттерибиздин, элдерибиздин, жаштарыбыздын, билим берүү жана маданий мекемелерибиздин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, – деди Марлен Маматалиев.

Ошондой эле төрага 2027-жылы Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 35 жыл толорун эске салып, бул маанилүү дата эки тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берүүгө жакшы мүмкүнчүлүк экенин кошумчалады. Ушуга байланыштуу эки өлкөдө биргелешкен саясий, парламенттик жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. “Парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири. Биз Жогорку Кеңеш менен Франциянын Улуттук Ассамблеясынын ортосундагы байланыштарды сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга даярбыз”, – деди төрага.

Анын ичинен депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин ортосунда туруктуу алакаларды түзүү керектигин жүйө келтирди. Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да талкууланып, Төрага Кыргызстандын экономикасындагы жетишкендиктер тууралуу учкай сөз кылды. Муну менен бирге аймактар аралык өнөктөштүккө да өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Франциянын Улуттук ассамблеясынын төрайымы Яэль Браун-Пиве Кыргызстандын парламенттик делегациясынын Парижге болгон сапары эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө гана өбөлгө түзбөстөн, мамлекет аралык алакаларды өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы кызматташтыкка байланышкан сунуштары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлор тууралуу сөз кылды. Анын ичинен маданий-гуманитардык багытта кызматташуу жана француз тилин окутуу маселелерине токтолуп, бул жаатта мугалимдерди жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууга да даяр экендиктерин билдирди.

Баарлашуудан кийин Марлен Маматалиев Франциянын Улуттук Ассамблеясынын Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды. Ошону менен катар делегация Франция парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышып, мыйзам чыгаруу процессинин өзгөчөлүктөрү, комитеттердин иши жана парламенттик башкаруунун негизги багыттары тууралуу маалымат алышты.