Токмокто өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жигит куткарылды

Бүгүн, 7-февралда Чүй облусунун Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек 9 кабаттуу турак үйдөн 24 жаштагы жаран секирүүгө камынып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине ыкчам түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жаранды сүйлөшүү жолу менен аман-эсен алып түшүп, жакындарына өткөрүп беришти. Алдын ала маалымат боюнча аталган адамдын абалы туруктуу.

sek Токмокто өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жигит куткарылды
334956819 1062571011812378 6204444842109993883 n Токмокто өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жигит куткарылды