ВИДЕО. Токмокто айдоочу жөө өтмөктөн аялды 3 баласы менен кошо сүзүп кетти

Токмокто айдоочу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден үч баласы менен бара жаткан аялды сүзүп кетти. Маалыматты Чүй олустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Кырсык 11-май күнү саат 17:25 чамасында Токмок шаарындагы Ибраимов көчөсүндө жайгашкан медициналык борбордун тушунда катталган.

«1947-жылы туулган айдоочу TOYOTA SEQUOVA үлгүсүндөгү унаа менен жөө өтмөк менен өтүп бара жаткан 1976-жылы туулган аялды 2003, 2016, 2021-жылы туулган балдарды менен кошо сүзүп кеткен. Жабыркагандар Токмок шаардык ооруканасына жаткырылган»,-деп билдиришти мекемеден.

Унаа айып короого токтотулду.