Акжол Махмудовго Германияда операция жасалды

 Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудовдун тизесине Германияда операция жасалды. Маалыматка ылайык, операция бир ай мурун жасалган.

Балбандын  машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов болсо, окуучусу Акжолду жаңы жылга чейин ден соолугун калыбына келтирип, кийинки жылдан тарта мелдешке катышып баштай турганын айтууда. 

Ал эми  Россиянын Олимпиада чемпиону Роман Власов  Акжол Махмудовду жаракаты айыга электе Новосибирскидеги турнирге келип кеткенине ыраазычылык иретинде  социалдык баракчасына билдирүү жазды. Анда Власов Акжолго “Сени менен сыймыктанам, иним! Чыныгы жигитсиң”,- деген билдирүү калтырган.