Кытайдан келген офтальмологдор акысыз негизде катарактага операцияларды жасашат

Бишкекте Кытайдан келген офтальмологдор акысыз негизде катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат.

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашыкандай, алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) 7-августтан 8-сентябрга чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт (дүйшөмбүдөн жумага чейин).

Бейтаптардын жанында сөзсүз түрдө өздүгүн тастыктаган документ, маалымкаттар (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) болушу керек.

Байланыш үчүн телефон: 0990800483