«Ай Кью» мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берилет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмоктогу “Ай-Кью” билим берүү комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин төрагасы ушундай жагдайдын түзүлүшүнө жол берген жооптуу адамдарга карата чара көрүүнү тийиштүү мекемелерге жана укук коргоо органдарына тапшырды.

Буга чейин аталган мектептин 11-классты бүткөн 84 окуучусу аттестат ала албай жатканы айтылып, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери нааразылыгын билдирип чыккан. Билим берүү жана илим министрлиги бул жагдайга түшүндүрмө берип, мектеп күндүзгү жана сырттан окууга лицензия алып, бирок экстернат (бир жылда эки класс) боюнча тиешелүү документтери болбогонун айткан. Лицензия алуу тууралуу эки жолу арыз берилгенин, бирок талапка ылайык шарттары жок болгондуктан документ ала албаганын билдирген.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги аттестат ала албай жаткан 84 окуучуга мамлекеттик мектептерде 11-классты окуп бүтүүгө шарт түзүлө турганын билдирген.