Эки баланы куткарып калган жигитке сыйлык тапшырылды

Суудан 2 баланы куткарып калган жигитке сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде ушул жылдын май айында сууга чөгүп бара жаткан 2 өспөрүмдүн өмүрүн сактап калган Даниил Дрыгого “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” медалы тапшырылды. 

Эске салсак, Даниил Дрыгов 2023-жылы 22-майда Чоң Чүй каналына чөгүп бара жаткан болжол менен 10-11 жаштардагы эки өспүрүмдү куткарып калган.