Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдында кризистик борбор ачылды

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдында кризистик борбор расмий ачылганын өкүлчүлүк кабарлады.

Маалым болгондой, аземге кыргыз диаспора уюмдарынын жана Москва менен Москва облусундагы регионалдык бирикмелердин лидерлери катышкан. Мындан тышкары, камсыздандыруучу медицина уюмдарынын, Эмгек келишпестиктерин чечүүгө көмөктөшүү борборунун өкүлдөрү, ошондой эле адвокаттар чакырылганы айтылды.

Белгилей кетсек, кризистик борбор ачуу боюнча меморандумга Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын Россияга болгон сапарынын алкагында кол коюлган. Борбордун максаты — Москва жана Москва облусунун аймагында кыйын кырдаалга кабылган кыргызстандыктарга жардам берүү.