Россия элчилигинин алдына пикетке чыккан жаранды милиция кармап кетти

Бүгүн, 9-февралда Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акция өткөрүү үчүн чыккан жаранды милиция кармап кетти. Бул тууралуу айрым ЖМКлар жазды.

Маалыматка караганда, жаран дөңгөлөктүн тышын өрттөөгө аракет кылган.

Ал “Мен Владимир Владимирович Путинге жети жолу жаздым, жооп берген жок. Видео кайрылуу да жөнөттүм, жооп болгон жок” деп гана айтууга үлгүргөн.

Милиция окуя боюнча маалымат бере элек.