Медер Алиев: Окуучулар дарыларды баңгизат катары колдонууда

Бишкекте мектеп окуучулары дарыканада сатылган айрым дарыларды баңгизат катары колдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча ага балдардын ата-энелери кайрылган.

«Өзгөчө Бишкекте жаш балдар, мектеп окуучулары баңгизат менен алектенет экен. Дарыканада атайын дарылар сатылат экен. Ал дарылар башка оорулар үчүн арналган. Бирок аны кайсы бир өлчөмдө колдонсо, баңгизаттын таасириндей болот экен. Жети-сегиз түр дары экен, аттарын айтпай эле коеюн. Биздеги дарылканалар ал дарыларды мектеп окуучуларына эч кандай рецепти жок сатышат экен. Болгондо да, кечки убакыт баасын кымбат сатат экен. Бул мапселени көзөмөлгө алуу керек», — деди ал.

Сөзүн улай Алиев синтетикалык баңгизаттардын сатылышына байланыштуу маселени көтөрдү. Депутат Телеграм каналдар аркылуу окуучу менен студенттерге синтетикалык баңгизаттарды саткан интернет дүкөндөр бар экенин айтты.

«Аларды кармоо татаал иш экен. Менин оюмча, укук коргоо органдары тиешелүү адистерди тартып, аларды кармоо ишин күчөтүшү керек. Алар баңгизатты криптовалютага сатат экен. Ортомчулар да акчаны кайсы жакка бергенин билбейт экен. Россияда да биздин жаш мекендештер (тамак-аш, буюмдарды) жеткирүүчү болуп иштеп, баңгизат менен кармалгандар көп экен», — деди ал.

Ал бул олуттуу маселе экенин белгилеп, көзөмөлгө алуу керектигин айтты.

meder aliev Медер Алиев: Окуучулар дарыларды баңгизат катары колдонууда