“Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 28-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Министрлер Кабинетинин жыйынында «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамы боюнча жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Жеңүүчүлөрдүн биринчи тобунун арасында өлкөнүн жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарында жайгашкан төмөнкү айыл өкмөттөр бар:

  • 1 500 000 сом байге фонду менен I орун — Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү;
  • 1 000 000 сом байге фонду менен II орун — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтү;
  • 500 000 сом байге фонду менен III орун — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтү;
    экинчи топтун арасында:
  • 1 500 000 сом байге фонду менен I орун — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү;
  • 1 000 000 сом байге фонду менен II орун — Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айыл өкмөтү;
  • 500 000 сом байге фонду менен III орун — Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтү.
    Жеңүүчүлөр Мамлекет башчысынын колунан сертификаттарды алышты.