Кеминде жаңы жыл күнү милицияга ыктыярдуу элдик кошуундар жардамдашат

Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы Кемин районунун аймагында жаңы –жылга даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында 2022-жылдын 29-декабрынан 2023-жылдын 1-январына чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлөт. Кечээ, 27-декабрь күнү Кемин райондук милициясынын өздүк курамынын даярдыгын текшерүү максатында саптык кароо болуп өттү.

Саптык кароого милиция кызматкерлеринен сырткары, ыктыярдуу элдик кошуундар катышты. Кемин РИИБдин начальниги Эрлан Исмаилов сапка тизилген милиция кызматкерлерине кайрылып, алдыда боло турган жаңы жылдык майрамда кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактап, жарандарга сылык жана маданияттуу мамиле жасоолорун, кайрылган жарандарга ыкчам аракеттерди көрүүнү тапшырды.

Андан соң саптык кароого тизилген милиция кызматкерлеринин сырткы көрүнүшү, кызматтык документтери текшерилди. Жаңы жыл майрамын белгилөө иш-чарасына байланыштуу милиция кызматкерлерине коомдук коопсуздукту камсыздоого ыктыярдуу элдик кошуундар жардамдашат.

WhatsApp Image 2022 12 28 at 16.15.35 Кеминде жаңы жыл күнү милицияга ыктыярдуу элдик кошуундар жардамдашат

ИИМдин Басма сөз кызматы