Сауд Арабиясында өзбекстандык зыяратчылар бараткан автобус кырсыкка кабылды

27-декабрда Сауд Арабиясындагы Жидда-Медина трассасында жол кырсыгы катталып, 10 өзбек зыяратчысы жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, «Аль-Афаж» транспорттук компаниясына таандык Mercedes-Benz автобусунун айдоочусу үргүлөп кеткен.

Кырсыктан жабыркаган өзбекстандыктарга Мединанын жанындагы ооруканада алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Калгандары Мединадагы мейманканага жайгаштырылган. Автобуста жалпысынан Өзбекстандын 50 жараны болгон.

Абалды Өзбекстандын Жиддадагы башкы консулдугу өз көзөмөлүнө алды.