Камчы Көлбаев депутат Бакиров менен жолукканы чындык

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жолукпаганы жана тааныштыгы жок экендиги тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.

Маалыматка караганда, тиешелүү кылмыш ишинин алкагында бир катар тергөө амалдары жүргүзүлүп, анда депутат Бакиров менен кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жолукканы такталган. Муну Камчы Көлбаев өзү сурак учурунда ырастаган.

«Депутат Өмүрбек Бакиров чындыкка дал келбеген билдирүү жасап, коомчулукту адаштырууда. УКМК коомчулукту абалды туура баалап, Өмүрбек Бакировдун популисттик билдирүүлөрүнө ишенбөөгө чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-декабрда, УКМК депутат Өмүрбек Бакиров Камчы Көлбаев менен 25-декабрда Чолпон-Атада жолукканын билдирген. Депутат УКМКнын билдирүүсүн төгүндөп, кримтөбөл менен жолукпаганын жана тааныштыгы жок экендигин айткан. Ошондой эле алардын жолукканы тууралуу сүрөт же видео далил болсо, коомчулукка жарыялоосун сунуштаган.