Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыраткан чечимди шаардык сот күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай чечим 26-июлда кабыл алынган.

2021-жылы Жогорку Кеңешке өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров аталган округдан депутат болуп шайланган. Жарышта жалпы жети талапкер, анын ичинде экс-депутат Равшанбек Рысбаев да болгон. Ал 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров саясий жарышта добуш сатып алганын айтып, анын мандатын жокко чыгарууну талап кылган.

Бишкек шаарынын административдик соту 7-июндагы чечими менен №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Депутат Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соттун чечимине каршы даттанган.