Милиция кызматкерлери Россиядан келген туристке уурдалган уюлдук телефондорун таап беришти

Бишкекте маршруттук таксиде Россия Федерациясынан келген туристтин эки уюлдук телефондорун белгисиз адамдар уурдап кетишкен, – деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Коомдук кабылдамасына Россия Федерациясынын жараны Дмитрий кайрылып, андан маршруткада уурдалып кеткен “Самсунг” жана “Айфон 14” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун табууга жардам сураган.


Өз кезегинде министрдин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу кеңешчиси Абдумалик Мамыров коноктун арыз-дооматтарын уккандан кийин, Свердлов райондук ИИБдин башчысы Азамат Байгазиевге кымбат баалуу телефондорду уурдаган кылмышкерди кармоо боюнча тез арада чара көрүүнү тапшырган.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери арызды каттап, текшерүүгө киришкен. Келтирилген чыгымдын суммасы 179 миң сомду түзгөн.
“Уурдалган “Самсунг” жана “Айфон 14” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду милиция кызматкерлери уюлдук телефондорду сатып алуучулардан табышкан.
Көп өтпөй ыкчам кызматкерлердин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында болжолдуу кылмышка шектүү адамдын ким экендиги аныкталган”- еп айтылат маалыматта.
Ал, 31 жаштагы М.А. экендиги аныкталып, ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүндө (уурдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча айып тагылып, башка жакка кетпөө тууралуу баш коргоо чарасы тандалган. Ошентип, милиция кызматкерлери уюлдук телефондорду мыйзамдуу ээсине өткөрүп беришкен.
Өз кезегинде, Россия Федерациясынын жараны Дмитрий милиция кызматкерлерине телефондорду ыкчам жана тез арада таап бергени үчүн ыраазычылыгын билдирди.