ИИМдин Күзөт кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы кирип келе жаткан 2023-жылды тосуу мезгилиндеги коомдук тартипти камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Жаңы 2023-жылды тосуу мезгилиндеги коомдук тартипти камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген буйруктарды мыйзам чегинде так аткарып, жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар учурунда кылмыштуулукка, укук бузууларга жол бербөө максатында өздүк курамдын даярдыгы каралып, ар бирине коюлган тапшырмалары аныкталып, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды.

WhatsApp Image 2022 12 28 at 15.07.27 ИИМдин Күзөт кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кайтаруусунда турган маанилүү, өзгөчө маанилүү жана олуттуу стратегиялык мекеме-чарбалар жана административдик имараттарга өзгөчө көңүл бурулуп, жалпы республика боюнча 3000 миңден ашуун кызматкер коопсуздукту камсыздайт.

WhatsApp Image 2022 12 28 at 15.07.29 ИИМдин Күзөт кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү

ИИМдин Күзөт кызматынын
Басма сөз кызматы