Надира Нарматова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды

Жогорку Кеңештин 28-декабрдагы жыйынында депутат Надира Нарматова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.

Анын айтымында, ведомство өз ишин жетиштүү деңгээлде аткарбай жатат, ошондуктан Кыргызстанда батыш идеологиясы өнүгүп жатат.

“Кыргызстан эгемендүүлүк алганына 31 жыл болуп, жаштар маселесинде улуттук, мамлекеттик идеология мурунку деңгээлде сакталып калды. Бул боштукту батыш өлкөлөрү каржылаган бейөкмөт уюмдар, эл аралык уюмдар, чет өлкөлөрдөн келген диний секталар, ар кандай дааватчылар толтурду. Жаштарыбыздын башын айлантып, алар чыныгы каада-салтыбызды, кадыр-баркыбызды унутуп коюшту.

Ошондуктан биздин жаштардын арасында ажырашуулар көп болуп жатат. 10 түгөй баш кошсо, бир жылдын ичинде беш-алтоо ажырашып кетет. Тирүүлөй жетим балдардын саны да көбөйүүдө. Мамлекеттик органдар боштукту толтуруп, жаштарды тартышы керек. Маданият министрлиги жасачу иштерди бир жыныстууларды үгүттөгөн, эркектердин эркектер менен, аялдардын аялдар менен чогуу жашашын тааныган батыш идеологиясы бар чет элдик мекемелерди жасап жатат. Бизде ар-намыс, адеп-ахлак жок болуп бара жатат.

Жаштар боюнча жакшы мыйзам долбоорун алып келгиле», – деди ал Маданият министрлигинин жетекчисинин орун басары Союзбек Надырбековго кайрылып.