ИИМ: Соттун чечимине баш ийбеген жаран кармалды


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери издөөгө алынган Араван районунун жашоочусун кармашты.

64483f7c 9319 4760 8c91 f1c89dae4d74 ИИМ: Соттун чечимине баш ийбеген жаран кармалды


Кармалган жаран 1997-жылы туулган М.У., ал мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.


Буга чейин ал ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого айыпталып кармалган. Соттун токтомуна ылайык, жаран М.У. карата 210 миң сом айып пул салынган. Ушул күнгө чейин М.У. айып пулду төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, сот бөгөт чарасын 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.

YouTube video


ИИМдин Басма сөз кызматы