Кыргызстанга 120 миң долларлык 140 өрт өчүрүүчү унаа, 12 млн долларлык Ми-8МТВ тик учагы келет, – министр

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баяндама жасап, өлкөгө жаңы өрт өчүрүүчү унаалар жана тик учак келерин айтты.

“Бүгүнкү күндө эки ири долбоор ишке ашууда. Орточо баасы 120 миң долларлык 140 өрт өчүрүүчү унаа жана орточо баасы 12 млн долларлык Ми-8МТВ тик учагы өлкөгө келгени турат. Булардын баары кайтарымсыз гранттык жардамдын негизинде келет”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Кытай жана Россиядан 140 өрт өчүрүүчү унаа алары айтылып, анын 95и өлкөгө келгени белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, иш-чарада министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, 2023-жылга карата иш план каралууда.

Жыйынга борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.