Чет элден келген акчалар кайда жумшалат? Түшүндүрөбүз

Акыркы убактарда бийлик өкүлдөрү, депутаттар социалдык тармактын айрым колдонуучулары эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын капчыгы тууралуу маалымат ачык-айкын болушун талап кылышууда. Чынында бул маалымат ар дайым мамлекеттик органдарга берилип турат. 

Кыргызстанда активдүү иш алып барып аткан ар бир уюмдун социалдык  тармактарда баракчалары же веб-сайты бар. Бул аянтчаларда бейөкмөт уюм ишке ашырган долбоорлору жана анын максаттары тууралуу кеңири маалыматтарды жайылтып турат. Мындан сырткары, алардын ар бир кылган иштери жана каражаты тууралуу маалыматты мамлекеттик органдар тыгыз көзөмөлгө алып турат.

Анткен менен  мамлекет өзү эң башкы грант алуучу болуп саналат, себеби дээрлик бардык мамлекеттик долбоорлор, мейли мектептерди куруу, жада калса жолдун бир аз бөлүгүн оңдоо болобу, тышкы жардам аркылуу ишке ашат. 

Кыргызстанга келген гранттар

Кыргызстанга тышкы каржылык жардам көрсөтүү боюнча жыл сайын “Наш Век” фонду мониторинг жүргүзүп келет. Фонддун маалыматы боюнча, Кыргызстан 1992-жылдан 2022-жылга чейин сырттан 12,3 миллиард долларга жакын каражат алган. Бул сумманын 20%дан ашыгын гранттар түзөт.

2023 04 06 15 51 36 369425 ws Чет элден келген акчалар кайда жумшалат? Түшүндүрөбүз
Булак: Кактус Медиа

Кыргызстан гранттарды эмне үчүн алат?

Негизги донорлор Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа Биримдиги, USAID, БУУ жана башка эл аралык уюмдар жана каржы институттары. Кыргызстанга жардам көрсөткөн донор мамлекеттердин ичинен Кытай, Россия, Япония, Швейцария, Германия, АКШ, Улуу Британия, Түркия, Дания, Нидерланды жана башкаларды бөлүп көрсөтүүгө болот. Ири гранттар өз алдынча каржылык жардам катары эмес, кредиттик келишимдин компоненти катары келет.

Чет элден Кыргызстанга 1992-жылдан 2022-жылдын июнь айына чейин бюджетти колдоо үчүн эң көп грант келген. Ал каражат жолдорду оңдоого, энергетика тармагына, саламаттыкты сактоо, эколгияны коргоого, инфраструктураны жакшыртууга, айыл чарба багытына, билим берүү жана мамлекеттик башкарууга жумшалган.

2023 04 06 15 34 34 567840 ws Чет элден келген акчалар кайда жумшалат? Түшүндүрөбүз
Булак: Кактус Медиа

Өлкөнүн бюджети барган сайын гранттарга көз каранды болуп баратат. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир жылдын ичинде Кыргызстан 250 миллион доллардан ашык грант алуу боюнча келишимге кол койгон, жалпысынан 30 жылдын ичинде өлкөгө жалпысынан 3,7 миллиард долларга жакын бекер жардам берилген. 

Республикалык бюджеттин долбоорунда 2023-жылы Каржы министрлиги эл аралык донорлордон 19 миллиард 797 миллион сом алууну болжолдоп жатат.