Бишкекте төрт мектепте бомба бар делген маалымат түшкөн

Бишкекте төрт мектепте бомба бар делген маалыматтан улам окуу процесси үзгүлтүккө учурады. Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, №33 мектеп, Ч.Айтматов атындагы лицей жана “Сейтек” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалымат келген.

“Бардык окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды. Жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Биринчи май райондук милициясы “Илим” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалыматты текшерип жатканын билдирген.