ИИМ: Бир жыл ичинде 463 баңги кылмышы аныкталган

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында 2022-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп өттү.

Кызмат тарабынан 12 ай ичинде 463 баңги кылмышы аныкталып, 11 баңги лабараторияга бөгөт коюлган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 598 килограмм 528 грамм болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Анын ичинен: апийим – 8 кг. 813 гр., героин – 76 кг. 930 гр., гашиш – 169 кг. 600 гр., марихуана – 281 кг. 486 гр., прекурсорлор – 5 тонна 793 кг. 581 гр., психотроптук заттар – 230 кг. 815 гр., кара куурайдын өсүмдүгү – 7 кг. 242 гр., башка баңгизаттар –30 кг. 060 гр..
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлеринин иш-аракетинин натыйжасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү уюштуруу боюнча ар кандай иш-чаралар көрүлүп, баңгичиликти алдын алуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.


Отчеттук мезгилде баңгичиликтин алдын алуу багытында 200 ашык иш-чара өткөрүлүп, 300 миңден ашуун адамды камтыды.
Кеңешменин жүрүшүндө кызматтын жетекчилиги тарабынан афган тектүү баңгизаттардын, жапайы өскөн кара куурайдын аткезчилигине бөгөт коюу, ошондой эле баңги каражаттарын даярдоо үчүн компоненттерди түзгөн баңгилабораторияларды аныктоо жана жоюу иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар коюлду.


Начальник Уланбек Султанов белгилегендей, интернет тармагын пайдалануу менен маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө баңги кылмыштарына бөгөт коюу, ошондой эле баңгиликти алдын алуу чөйрөсүндө ишти активдештирүү боюнча ишке өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Кеңешмеде Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрдүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иштеринде кемчиликтер баса белгиленип, аларды жоюу боюнча мөөнөттөр коюлду.

ИИМдин Басма сөз кызматы