«Кыргыз жарандары кыргыз тилинде сүйлөп, жазып, ойлоно алгандай шарт түзүшүбүз керек», — Жапаров

«Кыргыз жарандары кыргыз тилинде сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай шарт түзүшүбүз керек», — деп билдирди президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында.

Ал билдирегендей, өлкөдө жашаган жүздөн ашык этностун ортосундагы мамилени бекемдөө жана жарандык ынтымакты өнүктүрүү үчүн „Кыргыз жараны“ концепциясы кабыл алынган.

«Концепцияга ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик тил бардык жарандарды бириктирүүгө негизги өбөлгө болуусу зарыл. Кыргыз жарандары кыргыз тилинде сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай шарт түзүшүбүз керек. Биз өзүбүз кайдыгер мамиле кылсак, мамлекеттик тил эч качан өнүкпөйт!

«Өнөр алды — кызыл тил» дейт элибизде. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, улуттун улут болуп сакталып калышы үчүн Мамлекеттик тилдин өзгөчө орунду ээлери курулай сөз жүзүндө калып, кагаз бетиндеги макала-баяндамаларда эле айтылып, иш жүзүндө ага көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык! Бул багытта чечилбеген маселелер абдан көп», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент 2022-жылга карата мамлекеттик тилде иш-кагаздарын жүгүртүү боюнча Infodocs системасы аркылуу айрым министрликтердин жана ведомстволордун статистикалык көрсөткүчтөрү аны канааттандырган жок экендигин айтты.

«Мисалы: Экономика жана коммерция министрлиги — 13 эле пайыз, Санариптик өнүгүү министрлиги — 12 пайыз, Юстиция министрлигинде — 13 пайыз, Энергетика министрлигинде — 17 пайыз. Бул көрсөткүчтөр 50 пайыздан кем болбош керек!», — деди президент.