“Намыс үчүн деп той берип, силерди ээрчип жатат”: Садыр Жапаров той берген аткаминерлерди сындады

Аткаминерлер элге үлгү болгондун ордуна ашыкча чыгым жасап келген фактылар бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүнкү жыйында билдирди.

Жапаров аткаминерлерди ысырапкорлук кылып 500-100 киши чакырып той бербей, элге үлгү болууга чакырды.

«Бул маселеге да көңүлүңүздөрдү бургум келет. Элден талап кылардан мурда аткаминерлер өздөрү үлгү болушу керек. Бизде той десе эле 500-1000 кишини чакырып, дүңгүрөгөн тойлорду беришет. Аларды көргөн карапайым калк акчасы жок болсо да намыс үчүн деп той берип, силерди ээрчип жатат», — деди Жапаров.

Президент ысырапкорлукка каршы күрөш улантыларын кошумчалады.