Кыргызстанда алгачкы жолу эки күндүк ымыркайдын жүрөгүнө операция жасалды

Бул тууралуу маалымат Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун соцтармактагы баракчасында жарыяланды.

Сейрек кездешүүчү жана оор жүрөк оорусуна чалдыккан баланын ата-энеси дарыгерлерге кайрылышкан. Ымыркайдын абалы өтө оор болгон. 

Маалым болгондой, хирургиялык кийлигишүү Оштогу кыргыз-орус клиникасынын базасында жасалган. Ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн Бишкектен өлкөнүн башкы кардиохирургиялык борборунан кардиохирургдар, перфузиологдор, анестезиологдор, эндоваскулярдык хирургдар бригадасы барышкан.

“Жаңы төрөлгөн ымыркайга уникалдуу операция тамырды тешүү аркылуу жасалды. Учурда баланын абалы турукташып калды”, – деп билдиришти институттан.

Дарыгерлердин айтымында, мындай операциялар өнүккөн өлкөлөрдө көптөн бери жасалып келген. Ал эми Кыргызстанда биринчи жолу практикаланды.