Туманбаев, Жунушалиев жана башка жетекчилер мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту

Садыр Жапаров бир катар жогорку кызматтагы адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Президент тиешелүү жарлыкка 26-октябрда кол койгон.

Ага ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге “Эмгек баатыры” наамы ыйгарылды. Ал эми президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков биринчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышты.

Жарлыкка ылайык, сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.

Мындан тышкары мамлекеттик органдардын бир катар кызматкерлерине “Даңк” ордени, “Ардак” медалы берилди.