
Белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Атабеков Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына ээ болду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мирбек Атабеков сахнада 20 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келе жатат. Анын көптөгөн ырлары хитке айланып, кыргызстандыктардын жүрөгүнөн орун алган.
КР эл артисти — өлкөнүн маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон көрүнүктүү өнөр адамдарына берилүүчү эң жогорку ардак наамдардын бири.





