Ошто эки жигит патрулдук милиция кызматкерин сабап салышкан

Ош шаарында эки жигит патрулдук милиция кызматкерин сабап салышты. Бул тууралуу маалыматты түштүк борбордун ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, милициянын старшинасы Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унааны токтотуп, айдоочунун документтерин текшере баштаган. Ошол маалда унаадан эки жүргүнчү түшүп, тартип сакчысын сабап салышкан.

Жабырлануучу ооруканага кайрылып, кылмышка шектүүлөр кармалган. Аларга карата кылмыш иши козголду.

«Кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча козголгон. Кылмышка шектүүлөр аныкталып, камакка алынды. Ош шаардык сотунун чечими менен экөө тең СИЗОго киргизилди. Шектүүлөрдүн бири 23 жашта, экинчиси 18 жашта», – деп билдиришти башкармалыктан.