Бишкекте автобус, троллейбустарга накталай төлөм алынып салынат

20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, эми 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот.

Сиз төмөнкү жолдор менен төлөй аласыз:

— үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

— Виртуалдуу NFC картасы;

— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;

— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Кошумчалангандай, санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери Швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.

Стандарттык көк карталарды «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, О! Мегаком, Билайн мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алсаңыздар болот. Көк стандарттык карталарды сатуу пункттарын төмөнкү шилтемеден көрүүгө болот: https://www.tulpar-card.kg/about/buy/