Санрабия Сатыбалдиева кармалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын 2016-2017-жылдардын аудио жазууларын жарыялоо менен шантаж кылып, системалуу түрдө опузалап акча талап кылган бир катар адамдар 2000 АКШ доллар пара менен кармалышты.

ИИМдин маалыматы  боюнча кылмыштын башкы күнөөкөрү катары Жогорку Кеңештин депутатынын пиар-менеджери С.С.К. болгон.

Ошондой эле бул кылмышка шериктештиги үчүн оператор Б. К. менен таксист М.М.Х. кармалган.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышкан.

Эске салсак, Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалган.