“Мир 24” каналынын оператору УКЖга жайгаштырылып, кош бойлуу журналист ооруканага жеткирилди

“Мир 24” каналынын оператору Калыс Аширбеков түрмөгө жайгаштырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Ошондой эле, анын айтуусу боюнча, 4 ай боюнда болгон журналист Санрабия Сатыбалдиева кайрадан ооруканага жеткирилген.

Анын айтымында, анын алдында дагы милициядан ооруканага жеткирилип дарыгерлер «боюнан түшүп калуу коркунучу бар» деген корутунду чыгарган.