Тору-Айгыр айылында маршрутка эки атты сүзүп кетти

Ысык-Көл облусунда миниавтобус эки атты сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алардын айтуусу боюнча, окуя 3-ноябрда кечинде Тору-Айгыр айылынын жанында болгон.

Жүргүнчүлөрү бар автобус Бишкектен Ысык-Көлгө бара жаткан.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жүргүнчүлөр жаракат алган жок.