Ананьеводо апасы каза болуп калган окуучунун атасы изделүүдө

Ысык-Көл облусунда апасы каза болуп калган окуучунун атасы изделүүдө.

Облустук милициянын маалыматына караганда, ушул жылдын 28-сентябрь күнү Ички иштер министрлиги тарабынан Ысык-Көл РИИБге атайын билдирүү келип түшкөн.

Билдирүүдө Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылынын Ж.Абдрахманов атындагы орто мектебинин социалдык педагогунун интернет тармактары аркылуу жарандарга кайырылып, орто мектептин бешинчи класста окуган окуучунун апасы кайтыш болуп калгандыктан, атасын издеп табууга көмөк көргөзүп берүүнү жарыя салып,  жардам суранганы жөнүндө айтылып, милиция кызматкерлерине издөө иш-чараларын көрүүгө Ички иштер министирлиги тарабынан тапшырма берилген. Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин МЭЖне катталган.

xskrinshot 04 11 2022 101759.jpg.pagespeed.ic .FBWPy8V459 Ананьеводо апасы каза болуп калган окуучунун атасы изделүүдө

Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан териштирүү иш-чараларын жүргүзүүдө изделип жаткан жарандын өздүгү аныкталган.

Ал Ысык-Көл районуна караштуу Кашат айлынын 1978-жылы туулган Аралбаев Алмазбек Жусупбекович болуп аныкталган. Дареги боюнча барып,  милиция кызматкерлери сураштырганда, Аралбаев Алмазбектин агасы Аралбаев Канатбек иниси 2018-жылы Бишкек шаарына сапар алып, ал жерден 2019-жылы Россиянын Москва шаарына  иштегени кетип, ошол бойдон азыркыга чейин кабарлашпай, дайыны жок экендигин билдирген. Ошондой эле,  7-октябрда Аралбаев Канатбек инисин таап берүү жөнүндө  арыз менен Ысык-Көл РИИБге кайрылган.

Ысык-Көл РИИБде 2022-жылдын 10-октябрь күнү издөө иш ачылып, издөө иштерин улантуу учурунда, изделип жаткан Алмазбек Аралбаев Жусупбекович 2022-жылдын 31-май күнү Россия Федерациясынан Кыргызстанга учуп келгендиги жөнүндө белгилүү болгон жана “Коопсуз шаар” боюнча жарандардын жүзүн таануу функциясы бар атайын видеобайкоо аркылуу дагы  издөө иштери жүргүзүлүп, тилеке каршы бүгүнкү күндө так маалымат жок.

Ошондуктан, милиция кызматкерлери Кыргызстан жарандарына кайрылат. Кимидир бирөө сүрөттөгү жаранды тааныган жана кандайдыр бир маалымат болсо, Ысык-Көл РИИБне же 102  жана 0505233322 телефон байланыштарына билдирип коюуну өтүнөт.