Россия: Таймыр аймагында атасы үч жашар кызын аңчылык мылтык менен атып алган

Россиянын Красноярск крайынын Таймыр аймагында атасы үч жашар кызын аңчылык мылтык менен атып алган. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда облустук прокуратуранын басма сөз кызматы өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Каргашалуу окуя 12-июндан 13-июнга караган түнү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз үй-бүлөсү менен Носок айылынан 80 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Дерябино балык уулоо пунктунда болгон. Бир убакта атасы мыйзамсыз аңчылык мылтыгын октоп жатып, наристе жаткан тарапка ок чыгарган.

«Кыздын башына жана белине ок тийген. Ата-энеси аны дароо ооруканага алып жөнөшкөн, бирок сактап калуу мүмкүн болгон эмес», — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду (РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн «в» пункту, “адам өлтүрүү”).

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө окуянын себептери аныкталып, ата-энелердин ата-энелик укуктарын талаптагыдай аткарышына баа берилет.