Дайырбек Орунбеков: курулуш тармагында миңдеген жумуш орундары бош

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков курулуш тармагында миңдеген жумуш орундары бош турганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Кыргызстанда оор сыноолор, чек арадагы кагылышуудан кийинки ири чыгымдарга карабай өлкө аймагында курулуштар кызуу жүрүп жатат. Быйыл 204 мектептин курулушу башталды, анын жүздөйү ушул жылы бүтөт. Ар кандай социалдык обьектилер, жолдор, ГЭСтер, ипотекалык үйлөрдүн курулуштары бар. Жеке курулуш компаниялары дагы көп кабаттуу үйлөрдү курууда. Бир кезде Кыргызстанда жумуш орундары жок, элибиз чет өлкөгө кетип, курулушчу болуп иштешкен. Учурда бизге адам күчү жетишпей, курулуш тармагында эле миңдеген жумуш орундары бош. Төмөнкү видеодо кызматкерлер үчүн жумуш орундары сунушталды, айлык акылары 80 миң сомдун тегереги», — деди Орунбеков.