Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү кайрылуу жолдошту

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Азимбек Бекназаровду, Равшан Жеенбековду, Мамбетжунус Абыловду жана активист Таалайбек Мадаминовду дарыланууга бошотуу өтүнүчү менен кайрылышты. Кат комитеттин Фейсбук баракчасына жарыяланды.

«Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткандар, саясий туткундар ЖК төрагасына, адам укуктары боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы Гуля Кожомкуловага, Акыйкатчы институтуна, кыйноолорду алдын-алуу борборуна кайрылып, биздин талапка көмөктөшөт жана абактагы абалыбыз менен жакындан таанышып кетет деп ишенебиз», — деп жазылат кайрылууда.

Ошондой эле катта бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен Бишкек СИЗО-1 абагында кармалып тургандардын өнөкөт оорулары бар экени жана камакта отурушу алардын ден соолугуна зыян алып келээри айтылат.