“Бир Дүйнө Кыргызстан” ЖК депутаттарына кайрылуу жолдоду

«Кыргыз Республикасында мыйзамдуулукту калыбына келтиргиле!» деген кайрылуусун “Бир Дүйнө Кыргызстан” Укуктук кыймылы Жогорку Кеңештин депутаттарына жолдоду.

Кайрылууда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын конституциялык
укуктарын калыбына келтирүү боюнча маселелер камтылган.

Кайрылуунун толук текстин беребиз:

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары!
Биз бүгүн Сиздердин бардыгыңыздарга Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ачык түрдө бузууга жол берилбей тургандыгы тууралуу Жарандык Билдирүүнү жеткирүү ниетинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тепкичтерине чейин келип отурабыз! Биз жарандар жалгыз калып, мурда болуп көрбөгөн кыйынчылыктар жана коркунучтар менен жалгыз күрөшүүгө мажбур болгон пандемиянын сабактарын унуткан жокпуз, Баткен облусундагы чек ара жаңжалдарынын учурунда жана андан кийин да жапа чеккендер менен бирге болгонбуз.

Биз дагы деле коркунучтуу жана кырсык болгон аймактарда жашаган адамдар мененбиз, 92 уран калдыктарын сактоочу жайдын кесепеттери үчүн системалуу жазасыздыкка каршы күрөштү улантуудабыз, натыйжада Майлуу Суу дүйнөдөгү эң кооптуу 10 жердин катарына кирип отурат.

Биз экологиялык коопсуздук үчүн жана башталышы Кумтөр алтын кениндеги алтын казылган жерлер болгон Нарын дарыясындагы суунун сапаты үчүн тынчсызданабыз. Биз Туруктуу Өнүгүү Максаттарын илгерилетүү жана ишке ашыруу боюнча өнөктөштүккө катышуу менен, 100дөн ашуун этностук группалар жашаган Кыргыз Республикасында жакырчылык жана дискриминация менен күрөшүүдөбүз.

Биз Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактайбыз, биз Кыргыз
Республикасын туруктуу өнүктүрүү, бардык эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатындагы реформаларды илгерилетип жана ишке ашырып келе жатабыз.

Өлкөдө эң аялуу катмардын аялдар жана балдар экендигин, анын ичинде стихиялуу миграциянын үй-бүлөлөргө тийгизген таасиринин масштабын, мындай катмарлардын сот адилеттигине жете албай эки эселеп азап чегип жаткандыгын сиздер жакшы билесиздер.

Биз Сиздерден Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузбоону, коомдук уюмдарга, бейөкмөт уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы антиконституциялык мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну сурайбыз.

Биз сиздерди конституциялык талаа форматына кайтып келип, реформаларды алга жылдыруу, кризистик кырдаалдардын жана жаңы тобокелчиликтердин шартында социалдык маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн коомдук–мамлекеттик бирикмелер менен өнөктөштүктү баштоого чакырабыз.

Биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети менен жолугууну сурайбыз.

Биз Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т. Зулушевге Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын системалуу түрдө бузуу фактыларына прокурордук акт менен жооп берүү өтүнүчү менен кайрылуудабыз.