Кемпир-Абад иши: абактагы саясатчы, активисттер кайрылуу жолдошту

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активисттер абактан кайрылуу жолдошту. Алардын билдирүүсү социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалым болгондой, 26-июнда алдын ала угууда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад ишин жабык кароо чечимин кабыл алган.

«Биз бул соттун чечимине макул эмеспиз! Себеби Кемпир-Абад ишинде эч кандай жашыруун сыр жок. Кылмыш иште биздин “Casa Italia” кафесинде сүйлөшкөн сөздөрүбүз, социалдык медиалардан УКМКнын чогулткан аудио, видео материалдары жана посттор бар. Ошондой эле биздин айткан сөздөрүбүзгө жасалган экспертизалар тиркелген. Ички иштер министрлигинен эки-үч кызматкерлеринин оперативдик рапорттору дагы киргизилиптир. Мына ушуларды азыркы бийлик жана анын көз каранды соту жашыруун сыр деп сотту жабык кылышты. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренеси Кыргызстанда бардык сот процесстерин ачык болушун камсыздайт. Тилекке каршы, сотко азыр мыйзам үстөмдүгү керек эмес. Сотту жабык өткөрүү, бийликтин элден чындыкты жашырып атканынын далили. Биздин ак экенибиздин далили»,-деп жазылат кайрылууда.

Эске салсак, кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуулар аяктап, кийинки жараян 7-июлга белгиленген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши жакында гана сотко өттү. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта жатат.

Калгандары үй камагына чыгарылган.

356670921 1532769277549805 2251878271132184227 n Кемпир-Абад иши: абактагы саясатчы, активисттер кайрылуу жолдошту