Жети-Өгүздө прокуратура кызматкерлери үчүн эки кабат үй салууга тендер жарыяланды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун прокуратура кызматкерлери үчүн эки кабат үй салууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, эки кабаттуу үйдү Кызыл-Суу айылында 15 млн 706 миң 58 сомго куруу каралган.

Тендер Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция тарабынан жарыяланган.

Арыздар 12-июлга чейин кабыл алынат.