Бюджеттик каражатка тендер өткөрүү жокко чыкты

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ал мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле “тендер” түшүнүгүн камтыган бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ошентип, бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 13 Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет.

Ошону менен бирге мамлекеттин жана калктын ар кандай товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында:

• татаал, ишке ашырылбаган механизмдер алынып салынган жана кайра каралган;

• сатып алуулар планын өзгөртүүдө жол-жоболор кыскартылган;

• бир булактан методду колдонуу учурлары кеңейтилген.

Ошондой эле, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү функциясы каралган.