700 кг койдун этин мыйзамсыз алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды


Бул туурасында Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 23-июль күнү таңкы саат 05:30 чамаларында Тажикстандын Согдий облусунун Худжант шаарынын тургуну 30 жаштагы Н.Ф. өзүнө таандык “Toyota Avensis Verso” үлгүсүндөгү унаасы менен мамлекеттик чек араны бузуп кирип, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылынан аткезчилик менен жалпы салмагы 700 кг болгон койдун эттерин Кыргызстандан алып чыгып жаткан учурда ыкчам кызматкерлер тарабынан кармалды.


“Кармалган учурда далил буюм катары алынган жүктөр аныкталып, Лейлек РИИБдин малыматтардын электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) жана 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш ишинин караштуулугу боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.


Кылмышка шектелип кармалган тажик жараны Н.Ф. убактылуу кармоо жайына киргизилип, автоунаасы айып короосуна киргизилди.

7f0a4916 195f 4289 8626 25b71367c1cf 700 кг койдун этин мыйзамсыз алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды
a462a3e9 bfed 4537 9287 f6b59caea6bf 700 кг койдун этин мыйзамсыз алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды
d4a04c35 dfec 4740 a9ec 945bae9c6be2 700 кг койдун этин мыйзамсыз алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды