Лейлекте “Жарнама тактасы” аталышындагы рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районундагы жолдордун жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын, паннолорду, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү жана башкаларды өзүм билемдик менен орнотуп алган фактыларды аныктоо максатында Лейлек РИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсү тарабынан 2023-жылдын 8-февралынан 10-февралына чейин “Жарнама тактасы” аталышындагы рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө.
Өткөрүлгөн иш-чаранын негизинде Лейлек РИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде жарандарга протоколдор түзүлдү. Азыркы учурда соода-түйүндөрдүн, унаа оңдотуучу жайлардын, наабайканалардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 02 09 at 12.23.32 2 Лейлекте “Жарнама тактасы” аталышындагы рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө
WhatsApp Image 2023 02 09 at 12.23.32 1 Лейлекте “Жарнама тактасы” аталышындагы рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө