Аида Касымалиева БУУнун трибунасында кызы менен түшкөн сүрөтү боюнча билдирүү жазды

Бүгүн, 27-июнда экс-депутат Аида Касымалиева социалдык тармактагы баракчасына БУУнун трибунасында кызы менен түшкөн сүрөтү боюнча билдирүү жазды.

Касымалиева бир канча жылдан бери сындарга жооп бербей келгенин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолгон.

Эске салсак, буга чейин БУУнун маалымат кызматы өзүнүн расмий Twitter баракчасына Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева менен анын кызынын сүрөтүн жарыялаган. Сүрөт 24-июнда белгиленүүчү дипломатиялык аялдардын эл аралык күнүнө карата тартылган. Бул пост кызуу талкууну жараткан. Айрым интернет колдонуучулар Касымалиеванын саясий позициясын жана дипломатиялык ишмердүүлүгүн сынга алып, анын өлкөнүн мурдагы жетекчилиги менен байланышын да эске салышты.

“Жакында төрөп, бирок ошол эле учурда иштеп жаткан аялдын мисалында иллюстрация катары – кызым менен түшкөн сүрөтүм ушул күнгө туш келди. Ал эми сүрөттү БУУнун маалымат кызматы жарыялаган. Бул сүрөт бардык иштеген энелер жөнүндө. Ооба, бул трибуна менин жумуш ордум. Мен өлкөнүн атынан туруктуу өкүл катары ал жерде көп сүйлөйм. Бул залда мен добуш берем, иштейм, талкууларга катышам. Мен БУУдагы жумушума кызымды алып барсам болот. Өткөн жылы биз үчүн, иштеген энелер үчүн атайын lactation rooms бөлмөлөрү ачылды – ал жерден баланы тамактандырып, жалаягын алмаштырса болот. 

Мен төрөп, туруктуу өкүл болуп турганда, БУУдагы бардык элчилердин арасында Кыргызстан үчүн сыймыктануу жана мактоо сөздөрү болгон. Ошондой эле өлкө жетекчилигине, Тышкы иштер министрлигине түшүнүү менен колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем”, – деп жазган Касымалиева.

Ал белгилегендей, айрым жарандар бул сүрөттүн маанисин бурмалап салышкан.

“Ыйман – бул Аллахтын күтүүсүз, бирок көптөн күткөн белеги. Жубайым менен ушунча убакыт күтүп, тиленип көргөн кызыбыз. Ал улуу эжесинен 16 жылдан кийин төрөлгөн. Ал эми бул бакытты кандайдыр бир майда-чүйдө ойлор менен өлчөөгө болбойт”, – деп жазган ал.

Касымалиева ошондой эле анын ишине байланыштуу колдонуучулардын айыптоосуна жооп берди.

“Балким, кимдир бирөө БУУда иштебей эле, кызын менен сүрөткө түшүп жүрө берсе болот деген картинаны жараткысы келип жатат. Бул күлкүлүү жана андай болбойт. Президент мени туруктуу өкүл кылып дайындап, 2022-жылдын февраль айында Нью-Йоркко келгенде, БУУ ковидден кийин жаңы өзүнө келип жатканда, мен окуялардын, демилгелердин, геосаясий жана башка кризистердин айлампасында калдым. Маанилүү нерсе болбой турган күн болбойт. Баарына көңүл буруш керек.

Мен түшүнүктүү болуш үчүн бир маанилүү нерсени тактагым келет. Туруктуу өкүлдүн позициясы – өлкөнүн позициясы. Ар бир сүйлөгөн сөз, чечим иштелип чыгат, макулдашылат жана бул туура. Өлкөнүн татыктуу позициясын кылдаттык менен иштеп чыгуу керек. Мен бул кызматка парламенттен келдим. Ушул бир жарым жылдын ичинде мен ТИМ системасында күн сайын акылдуу жаш кыздарды жана жигиттерди гана жолуктурдум. Айсбергдин ылдый жагы бар – дипломаттардын көзгө көрүнбөгөн эмгеги, бул эң негизгиси”, – деп жыйынтыктады Касымалиева.

История одной фотографии Прошлая неделя… – Aida Kasymalieva | Facebook

355664035 10225700230025007 1961998617362432197 n  Аида Касымалиева БУУнун трибунасында кызы менен түшкөн сүрөтү боюнча билдирүү жазды

Буга чейин БУУнун жаңылыктар кызматы өзүнүн расмий Twitter баракчасына Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева менен анын кызынын сүрөтүн жарыялаган. Сүрөт 24-июнда белгиленүүчү дипломат аялдардын эл аралык күнүнө карата тартылган.