Камчы Көлбаевдин УКТ мүчөсү болуудан “Точка” деген ат менен белгилүү болгон адам баш тартты

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан өлкөдө уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу, ачуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ыкчам-издөө, анын ичинде профилактикалык мүнөздөгү иш-чаралары өткөрүлүп, анын жүрүшүндө кылмыш дүйнөсүндө “Точка” деген ат менен белгилүү болгон Б.А.нын (К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү) жергиликтүү кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, ИИМдин маалымат базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган М.Т.И. кылмыштуу аракеттерден жана көрсөтүлгөн чөйрөдөгү адамдар менен баарлашуудан баш тартты.


Кыргыз Республикасынын УКМК өлкөдө кылмыштуулуктун өсүшүнө каршы туруу боюнча тиешелүү иш-чаралардын комплексин, профилактикалык мүнөздөгү чараларды улантууда.