Эмгек министрлиги социалдык келишимдин аткарылышын кандай көзөмөлдөп жатканын айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Садыр Жапаровдун жакырчылыктан чыгуу демилгеси – социалдык келишим, 2022-жылдан бери өлкө боюнча 12,8 миң жакыр үй-бүлөнү камтыды.

Социалдык контракттын ишке ашырылышын коштоону, жалпы координациялоону жана контролдоону жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жүзөгө ашырат.

Облустук маанидеги шаарларда жана Ош шаарында – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары.

Облустук маанидеги шаарлардын жана Ош шаарынын администрация башчылары, мэрлери тиешелүү аймакта социалдык контракттын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

Социалдык келишимдин катышуучуларын коштоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • социалдык адаптациялоо программасын же бизнес-планды/долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон маселелер боюнча консультация жана колдоо;
  • окутууну жүргүзүүгө көмөктөшүү;
  • товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга көмөктөшүү;
  • катышуучу өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышын контролдоо