Владимир Путин Россия элине кайрылуу жасады

8466512 24.06.2023 24 июня 2023. Президент РФ Владимир Путин во время обращения к гражданам России. Гавриил Григоров / РИА Новости

Россия президенти Владимир Путин 24-июнда болгон «Вагнер» окуясынан кийин түз эфир аркылуу Россия элине кайра кайрылуу жасады.

  • “Бүгүн мен дагы бир жолу Россиянын бардык жарандарына кайрылам. Чыдамдуулугуңуз, тилектештигиңиз жана мекенчилдигиңиз үчүн рахмат. Жарандык тилектештиктин күчү ар кандай коркутуу, ички башаламандыктарды жаратуу аракетин ийгиликсиз кыларын көрсөттү”, — деди Путин.

Ошондой эле ал кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылган Беларусь президенти Александр Лукашенкого да рахматын айткан.

Эске салсак, 24-июнга караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, «адилеттик жүрүшүн» баштаганын жарыялаган. Пригожин өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди «Вагнердин» позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган.

Анын «куралдуу козголоңу» эки күнгө жетпей аяктады. Орусиянын президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени кабарланды. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан берки Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.

Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулбай эле ФСБ тергөөнү улантып жатканы тууралуу 26-июнда орус басылмалары Башкы прокуратурадагы булактарына таянып кабарлады.

Жекшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожинге каршы кылмыш иши токтотуларын, «ал Беларуска кетерин» билдирген.

Пригожинге «Куралдуу козголоң уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын дүйшөмбүдө орусиялык бир канча басылма жазган.