ИИМдин делегациясы Кытайга тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында иш сапары менен барды

Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин чакыруусу менен 2023-жылдын 19-июнунан 23-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов башында турган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин делегациясынын Кытай Эл Республикасына иш сапары барышты.

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Иш сапардын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын ИИМдин чек арага чектеш бөлүктөрү менен КЭР СУАРдын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты бекемдөө, Кытай полициясынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жаңы жетишкендиктерди изилдөө, учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен полициянын иши менен таанышуу, диний экстремизмге каршы күрөшүү ыкмаларын изилдөө, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү ыкмалары менен таанышуу, коомдук тартипти сактоону уюштуруу, массалык башаламандыктарда полициянын аракеттери жана колдонулган ыкмалары жана каражаттары менен таанышуу болду.


“Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин ортосундагы чек ара бөлүктөрүнүн кызматкерлерин өз ара окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөөнү сунуштады.
Сапардын алкагында Коомдук коопсуздук департаментинин Урумчи шаарындагы Командалык борбору жана Кызылсуу-Кыргыз автоном округунун Антитеррор борборунун иши менен таанышышты.
Мындан тышкары, кытай тарап атайын багыттагы отряддын (спецназ), ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча кызматтардын (Атайын багыттагы полктун аналогу) даярдыгын жана ишин жана алардын массалык башаламандыкка аракеттерин көрсөттү.
Иш сапардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын СУАР коомдук коопсуздук департаментинин ортосундагы чек ара бөлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн окууларды уюштуруу боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөө жөнүндө макулдашылды”
, – деп айтылат маалыматта.

077cad83 f969 41e7 aa1e 57804c4e566a ИИМдин делегациясы Кытайга тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында иш сапары менен барды
118ba5cc 7561 43da a1a0 19d8d631ac70 ИИМдин делегациясы Кытайга тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында иш сапары менен барды
45b6c4e4 af13 4959 9dc4 0927a066b8c5 ИИМдин делегациясы Кытайга тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында иш сапары менен барды
6230ff06 a0a3 41b3 875a df9a4299e02d ИИМдин делегациясы Кытайга тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында иш сапары менен барды
7e3a8c27 84b6 4ff6 a5b2 ed326b5c7918 ИИМдин делегациясы Кытайга тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында иш сапары менен барды